www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
2026-жылдын 22-апрелинде Таиланддын Бангкок шаарында Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министринин орун басары Медербек Тумановдун төрагалыгы алдында СПЕКАнын министрлер жолугушуусу болуп өттү. Эске сала кетсек, быйыл төрагалык Кыргызстанга өткөн жана Бангкоктогу бул жолугушуу Кыргыз Республикасынын төрагалыгы алдында өткөн алгачкы жыйын болду.
Медербек Туманов белгилегендей, 2026-жылы Кыргыз Республикасынын СПЕКАдагы төрагалыгынын негизги артыкчылыгы Борбордук Азия аймагындагы транспорттук жана логистикалык байланыштарды өнүктүрүү болуп саналат.
Министрдин орун басары белгилегендей, бул максатка жетүү үчүн Кыргызстан төмөнкү негизги багыттарды жана милдеттерди аныктады:
туруктуу транспортту жана инфраструктураны өнүктүрүү: аймактык хаб түзүү, Орто коридорду өнүктүрүү, ошондой эле «Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан» темир жолун куруу;
транспорттук коридорлорду санариптештирүү: Транскаспий транспорттук коридорунун алкагында маалымат алмашууну санариптештирүү боюнча СПЕКАнын Жол картасын ишке ашыруу;
чакан жана орто бизнести колдоо аркылуу экономикалык өнүгүү, ошондой эле туруктуу өнүгүү максаттарына жетүүгө багытталган чек ара аралык демилгелерди илгерилетүү.
Бул контекстте Кыргызстан 2027-жылга чейин катышуучу өлкөлөрдүн БУУнун стандарттарына ылайык жүк ташуулар боюнча электрондук маалыматтарды колдонууга өтүү демилгесин колдойт. Ошондой эле Кыргызстан бул стандарттарды киргизүү боюнча пилоттук өлкө болууга даяр экенин билдирди.
Медербек Туманов өз сөзүндө соода жол-жоболорун жөнөкөйлөтүүгө, чек ара аралык кагазсыз соодага өтүүгө, электрондук коммерцияны өнүктүрүүгө жана «кургак порттор» боюнча өкмөттөр аралык макулдашуунун алкагында иш алып барууга өзгөчө көңүл бурду.
Бул багытта Кыргыз Республикасы Азия-Тынч океан аймагында чек ара аралык кагазсыз соода жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү боюнча Рамкалык макулдашууга кошулду.
Ал ошондой эле ЭСКАТО катчылыгына Кыргыз Республикасынын кагазсыз соодага өтүү боюнча улуттук иш-аракеттер планын иштеп чыгууга көрсөткөн колдоосу үчүн ыраазычылык билдирди. Азыркы учурда бул план дээрлик даяр болуп, жакынкы жыйында сунушталмакчы.