www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Израилге каршы 18 мамлекет доо койду

Исландия жана Нидерланд БУУнун Эл аралык сотуна Израилге каршы берилген доого кошулду. Муну менен бул иш боюнча доогер мамлекеттердин саны 18ге жетти.

Израилге каршы доону Түштүк Африка Республикасы 2023-жылдын декабрында берген. Кийин бул ишке катышуу үчүн бир катар мамлекеттер интервенция тууралуу арыз тапшырышкан. Алардын катарында Никарагуа, Бельгия, Ирландия, Колумбия, Ливия, Египет, Мальдив аралдары, Мексика, Чили, Палестина, Испания, Түркия, Куба жана Боливия бар.

Доодо Израиль 1948-жылы кабыл алынган геноцид кылмышын алдын алуу жана жазалоо жөнүндө конвенцияны бузган деп айыпталууда. Бул айыптоолор Газа секторундагы аскердик аракеттерге байланыштуу коюлган.

Маалыматтарга караганда, согуш аракеттеринин жүрүшүндө Израил армиясы палестин анклавында 70 миңден ашуун адамдын өмүрүн кыйган. Алардын көбү аялдар жана балдар экени айтылууда.

Последние новости