www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Израил барымтадагыларды бошотуу маселесин көтөрдү

Израил армиясынын (ЦАХАЛ) өкүлү Даниэл Хагари ХАМАС тобунун (АКШда жана Европа Биримдигинде террордук уюм деп жарыяланган) барымтасынан бошотулган аялдын көрсөтмөлөрү алардын колунда кармалып турган башка да адамдарды тезирээк бошотууну талап кылган кооптуу белги экенин билдирди.

France-Presse агенттиги (AFP) 27-мартта маалымдагандай, Хагари “Амит Сусаннанын «Нью-Йорк Таймс» гезитине курган маегинде сексуалдык зомбулук тууралуу айтып бергендери барымтада турган калган адамдарды бошотуу үчүн жалпы коомчулук үчүн кооптуу сигнал” деп айтты.

ХАМАС былтыр октябрда Израилге кол салганда уурдап кетип, 55 күн барымтада кармаган 40 жаштагы юрист Амит Суссананын The New York Times басылмасына курган маеги 26-мартта жарыяланган. Ал Газада кабылган сексуалдык зомбулук тууралуу айтып берген.

Израил аскердик операциясын былтыр 7-октябрда ХАМАС тобу Газа секторунан кол салып, 1200 кишини, анын ичинде аялдарды, улгайган адамдарды жана балдарды өлтүрүп, 250дөй адамды Газага барымтага алып кеткенде баштаган.

Газанын ХАМАС көзөмөлдөгөн саламаттык сактоо мекемесинин маалыматына караганда, жалпысынан сектордо азыркы согуш башталгандан бери каза тапкандар 32 миңден ашты.

АКШ, Катар жана Египет аркылуу бир нече аптадан бери жүрүп келаткан сүйлөшүүлөрдөн майнап чыга элек.

Израил барымтадагылардын баары бошотулушу керек деген, ал эми ХАМАС израилдик аскерлер Газа секторунан толук чыгып кетиши керек деген талаптарын коюп жатышат.

Газада барымтада калгандар 130 экени, бирок алардын 30у каза тапкан болушу ыктымал экени айтылууда.

Последние новости