www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Облустук ички иштер башкармалыгынан 27-мартта билдиргендей, диний окуу жайы жыл башынан бери уруксаты жок Баткен шаарында иштеп келгени аныкталды.

«Экстремизм жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматынын ыкчам кызматкерлери тарабынан шаар аймагындагы жаш балдарга диний билим берип жаткан медресе, мечиттер текшерилип, ал жерде тарбияланып жаткан балдар менен баарлашуулар өткөрүлдү. Жыйынтыгында “Ыйман” илим жана маданий борбору диний уюму каттоодон өтпөй эле 2024-жылдын башынан бери ишмердигин жүргүзүп, 20дай жаш баланы окутуп жатканы белгилүү болду» , - деп айтылат милициянын маалыматында.

Факты Баткен милициясынын маалыматтардын электрондук журналына катталып, учурда текшерүү иштери жүрүп жатат.

Расмий маалыматка караганда, Кыргызстанда 2,5 миңдей мечит, 100дөй медресе, 10 ислам институту бар.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости