www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Испания Украинага 615 миллион евролук жаңы аскердик жардам пакетин берет. Бул тууралуу шейшембиде Испаниянын премьер-министри Педро Санчес Мадридде украин президенти Владимир Зеленский менен бирге өткөргөн маалымат жыйында билдирди.
Санчестин билдиришинче, Испания Киевге берилчү жардамдын пакетин бир ай ичинде бекитип берет. Бериле турган каражаттын 400 млн курал-жарак сатып алууга жумшалат, анын ичинде 100 миллион евро Евробиримдик өлкөлөрүнүн АКШдан Украинага курал-жарак сатып алуусун караган PURL демилгесинин алкагында жеткирүүгө жумшалат.
Мындан сырткары Испания европалык SAFE программасы аркылуу 215 евро бөлөт. Бул радар жана дронго каршы жабдууларды сатып алуу үчүн жумшаларын Hromadske басылмасы жазды.