www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
10-сентябрда Россия Федерациясында мыйзамсыз жүргөн чет элдик жарандардын укуктук абалын жөнгө салуу мөөнөтү аяктады.
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги билдиргендей, сентябрь айынын башында Орусияда көзөмөлдөгү адамдардын реестрине Кыргыз Республикасынын 85 миң 962 жараны киргизилген. Июнь айында 113 миң киши катталган болчу. Январь айынан бери реестрден Кыргыз Республикасынын 98 миң 670 жараны чыгарылган. Анын ичинен: 14 миң 584 жаран өз макамын Россиядан чыкпай жөнгө салуу үчүн компетенттүү органдарга кайрылган, ал эми 84 миң 86 жаран РФ аймагынан чыгып кеткендигине байланыштуу реестрден чыгарылган.
11-сентябрдан тартып өзүнүн статусун жөнгө салбаган жана Россия Федерациясынын аймагында мыйзамсыз жүргөн чет элдик жарандар мажбурлап чыгарууга жана андан ары өлкөгө кирүүгө тыюу салууга дуушар болот.