www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мамлекеттик салык кызматы “Декларация – 2018” капманиясын аяктап, жыйынтыгын бир четинен жарыялоону улантууда.

Андагы маалыматтарга ылайык, Жогорку Кеңештин депутаты, ишкер айым Элвира Сурабалдиеванын үстүндө үйү, астында автоунаасы жок экен. Аны менен катар анын туугандары да же иштегени иши жок, же жашаарга үйү жок жүрүшүптүр.

Декларациядагы маалымат боюнча, Элвира айым бир гана айлык менен жан багат. Анын депутат катары алган айлык акысы өткөн 2018-жылы 723 миң 131 сомду түзгөн.

Элвира Сурабалдиева 2003-жылы эмгек жолун а дегенде эле Кыргызстандагы ишкерлер Союзунун аткаруучу директору болуп иштөөдөн баштаган. Андан соң эки жыл Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун башкы адиси, жетекчинин орун басары, маалымат жана сырткы байланыштар бөлүмүнүн жетекчиси болуп иштеген.

Ал эми депутат болуп келгенче, тагыраагы, дээрлик 10 жылга жакын мезгил Бишкектеги килейген “Кудайберген” автобазарынын башкы директору болгон.

2015-жылы КСДПнын тизмеси аркылуу Жогорку Кеңешке депутат болуп шайланган. Учурда ишкер айым 41 жашта.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости