www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Саясат – бул дайыма күрөш, атаандаштык жана жоопкерчилик талаасы. Ар бир саясатчы өз ордун, өз миссиясын туура баалай билиши коом үчүн чоң сабак. Ушул жагынан алганда, Жогорку Кеңештин беш чакырылышынын депутаты болгон Исхак Масалиевдин мындан ары шайлоолорго катышпоо тууралуу чечими, өз ордун түшүнгөн ынсаптын белгиси болуп калды.
Исхак Масалиев – саясаттагы ысымы белгилүү инсан. Ал өлкөнүн өнүгүүсүнө, мыйзамдуулуктун жана социалдык адилеттиктин орношуна эл өкүлү катары өз салымын кошо алды.
Ал өз сөзүндө “өлкөдө кандай жакшы иштер жасалса, ага аз да болсо менин салымым бар” деп айтканында чындыктын үлүшү бар.
Масалиевдин бул чечимин анын атасы, көрүнүктүү мамлекеттик жана саясий ишмер Апсамат Масалиевге болгон терең урматтын уландысы катары да карасак болот. “Атамдын ысымына көлөкө түшүрбөйүн” деген сөзү кыргыз саясатындагы сейрек кездешүүчү ички маданияттын жана адамдык бийиктиктин үлгүсү.
Бүгүнкү күндө коом жаштардын жаңы демине, жаңы көз карашына муктаж. Ошондуктан Исхак мырзанын “жаштарга орун бошотуу” кадамы колдоого арзыйт. Кыраакы инсан аясаттан алыс кетпей сарасеп салып турат деген ойдобуз. Мындан ары да ден соолукта болуп, эл арасында кадыр-барктуу аксакал болушуна тилектешпиз.