www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Израильдин куралдуу күчтөрү ЦАХАЛ Ирандын акыркы соккусунан кийин ракеталардын учуу аралыгы көрсөтүлгөн картаны жарыялады. Ага ылайык, мүмкүн болгон сокку аймагы дээрлик бүт Европанын территориясынын болгон чекитине дейре камтый алары көрсөтүлөт.

Буга чейин The Wall Street Journal басылмасы Иран биринчи жолу АКШ жана Улуу Британиянын Индия океанындагы Диего-Гарсия аралындагы аскер базасына орто аралыктагы баллистикалык ракеталар менен сокку урганын жазган.

Маалыматка караганда, ракеталардын бири абадан коргонуу системалары тарабынан атып түшүрүлгөн, экинчиси учуу учурунда иштен чыккан.

Бирок негизги маселе соккунун өзү эмес, анын алыстыгы болду. Диего-Гарсия аралы Ирандан болжол менен 4000 чакырым алыстыкта жайгашкан.

Адистердин айтымында, бул аракет менен Тегеран мурда ойлонулгандан да алыс аралыктагы буталарды бутага ала аларын көрсөттү. Бул болсо аймактагы жана дүйнөдөгү коопсуздук баалоолоруна олуттуу өзгөрүү киргизиши мүмкүн.

Последние новости