www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков Казакстандын Кыргызстандагы элчиси Рапил Жошыбаев менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө кыргыз-казак кызматташтыгынын кеңири чөйрөсүндөгү маселелер талкууланды.

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин жолугушууларынын жүрүшүндө жетишилген макулдашууларды ишке ашыруунун маанилүүлүгүнө өзгөчө көңүл бурулду.

Тараптар соода-экономикалык байланыштарга басым жасоо менен эки тараптуу өз ара аракеттенүүнү мындан ары да арттырууга даяр экендиктерин билдиришти.

Айыл чарба, инфраструктура, логистика, суу-энергетикалык комплекси чөйрөсүндөгү долбоорлорду ишке ашырууга көмөк көрсөтүүнүн маанилүүлүгү белгиленди.

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эрлист Акунбеков Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы стратегиялык өнөктөштүк жана союздаштык мамилелер өз ара кызыкчылык туудурган бардык маселелер боюнча ишенимдүү диалогду жана натыйжалуу кызматташтыкты колдоонун негизи болоруна ишеним билдирди.

Жолугушуунун соңунда эки тараптын катышуусундагы жогорку жана эң жогорку деңгээлдеги алдыдагы иш-чаралардын графиги, ошондой эле келишимдик-укуктук базаны кеңейтүү маселелери талкууланды.

Последние новости