www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Фейсбуктагы пикири үчүн өткөн жылдын 10-ноябрында кармалып, быйыл 13-февралда Биринчи Май райондук сотунун өкүмү менен алты жылга абакка кесилген Эрнис Жээнтаев Бишкек шаардык сотунун чечими менен камактан чыкканы маалымдалды.
Шаардык сот райондук соттун өкүмүн жарым-жартылай жокко чыгарып, Кылмыш-жаза кодексинин 332-беренесинин 1-бөлүгү боюнча актаган. Ал эми 278-берене (“Массалык башаламандыктарга чакырык”) боюнча өкүм күчүндө калтырылды.
Ошол эле учурда сот Жээнтаевге карата 4 жылдык пробациялык көзөмөл колдонуп, аны сот залынан бошотту.
Жээнтаевдин жакында эле бир ай мурун 66 жаштагы апасы узак оорудан улам кайтыш болуп, президент Жапаровдун уруксааты менен ага апасынын жаназасына катышып, топурак салуусуна уруксат берилген.
Эрнис Жээнтаев үйдүн улуусу. Жээнтаев 2-3 гезиттин дизайнери болуп көп жылдан бери иштеп келаткан. Соцтармактагы баракчасында кымбатчылык, “Кумтөр” кенин улутташтыруу өңдүү маселелерге байланыштуу постторду жазып турган. Анын бир иниси жана бир карындашы, жашы жете элек үч баласы бар.