www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Иранда хижаб кийбей, жылаңбаш жүргөн кыз-келиндерди жазалоонун айыппул түрүн киргизүү маселеси талкууланып жатканын бүгүн 25-мартта «Фарда» радиосу өлкөнүн Ислам кеңешинин мүчөсү Амирхоссейн Банкипурга таянып билдирди.

Депутат жекшемби күнү мамлекеттик телеканалдан сүйлөп жатып негизги өкмөттүк мекемелердин жана коопсуздук органдарынын ортосунда бул суроо боюнча мунаса табылганын, мындай кадам адеп-ахлак полициясынын рейддери жана аялдарды кылмыш жообуна тартуу аракеттери күтүлгөндөй натыйжа бербей, тескерисинче, нааразылык жаратканы үчүн жасалып жатканын айтты.

«Башкаруу органдары, анын ичинде Маданий революциянын жогорку кеңеши жана Улуттук коопсуздук боюнча жогорку кеңеш айыппулду нааразылыкты азыраак жаратуучу чара деп аташты», - деди ал.

«Хижаб жана тазалык» деп аталган мыйзам долбоору даярдалып жатканы, эгер ал кабыл алынса коомдук жайда жылаңбаш жүргөн аялдарга айыппул салынып, банк картасынан 30 миллион иран риалы (50 АКШ доллары) алынары, эгер анда да баш ийбесе кошумча чаралар көрүлөрү өткөн аптада кабарланган.

Эки апта мурда Иранда ооруканалардын биринде жылаңбаш жүргөн келинди видеого тартып алган деген дин кызматкери ортосундагы чырдын видеосу интернетке тарап, талкуу жараткан.

2022-жылы Тегеранда адеп-ахлак полициясы көчөдө хижабсыз жүргөнү үчүн деген негизде кармап кеткен 22 жаштагы студент кыз Махса Амини абакта каза болгон. Полиция ал жүрөгү кармап көз жумганын маалымдаган, бирок күбөлөр полиция аны катуу сабаганын айтып беришкен.

Амининин абактагы өлүмүнөн кийин өлкөнүн бир нече аймагында нааразылык акциялары башталган, жүздөгөн киши кармалып, кеминде 200дөй адам өлүм жазасына тартылган.

Иран өкмөтү, президент Эбрахим Раисинин администрациясынын өкүлдөрү көчөгө жылаңбаш чыккан кыз-келиндерди сүрөт, видеого тартып, жайылткан адамдарды адатта колдоп келишет.

1979-жылы Иранда Ислам революциясы ишке ашкан. 1981-жылы кыздар 9 жашка чыккандан кийин башына жоолук салынып жүрүүгө милдеттүү деген эреже кирген, каршы чыккандар күч менен басылган.

«Ирандагы адам укуктары боюнча борбор» (CHRI) уюмунун маалыматына караганда, 2023-жылы Иранда 700 адам дарга асылган. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости