www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Иран уранды байытууну токтотуу жана негизги байытуу жайларын демонтаждоо талаптарын аткаруудан баш тартты. Бул тууралуу Axios басылмасынын журналисти Барак Равид 12-апрелде АКШнын расмий өкүлүнө шилтеме жасап билдирди.
"Америкалык расмий өкүл АКШнын Иран менен сүйлөшүүлөрдөгү "кызыл сызыктарын" кеңири баяндаган. Алар: уранды байытууну токтотуу, бардык негизги өзөктүк отунду байытуу объектилерин демонтаждоо жана байытылган уранды кайтарып берүү", - деп айтылат X социалдык тармактагы билдирүүдө.
Андан тышкары, сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө Вашингтон Хамас жана Хезболла сыяктуу бир катар куралдуу топторду каржылоону токтотууну жана кемелерден жол акысын албастан Ормуз кысыгын толугу менен ачууну талап кылган.
Андан тышкары, Равиддин айтымында, тараптар Ирандын тоңдурулган активдери маселеси боюнча бирдиктүү чечимге келе алышкан эмес.
АКШ менен Ирандын ортосундагы сүйлөшүүлөр 11-апрелде өттү. АКШнын президенти Дональд Трамп Исламабаддагы согуштук кырдаалды жөнгө салуу боюнча сүйлөшүүлөр ийгиликсиз болсо, АКШ Ислам Республикасына каршы соккуларды кайра улантаарын жарыяаган.
АКШнын вице-президенти Ж.Д. Вэнс 12-апрелде Исламабаддагы сүйлөшүүлөрдө Иран менен Америка тараптары жалпы макулдашууга жетише албаганын билдирди. Ал кошумчалагандай, АКШ тарап Ирандын өзөктүк курал программасынан баш тартууга даярдыгын азырынча көрө элек.