www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Дубайдын жээгинде мунай тарткан Кувейтке таандык Al-Salmi танкерине ирандык дрон тийди. Кеме чийки мунай жүктөп, портто турганда соккуга кабылганын The Guardian жазды. 

Дубайдын бийлиги кемеде өрт өчүрүлгөнүн, экипаждын мүчөлөрү жабыркабаганын, танкерден мунай акпаганын билдирди. Al-Salmi эки миллион баррелге чейинки мунай ташууга ылайыктуу. Азыркы баа боюнча андагы мунайдын наркы 200 миллион доллардан ашат.

30-мартта Трамп Иран менен сүйлөшүүлөрдө жылыш болгонун айткан. Эгерде жакын арада мунаса табылбай, Ормуз кысыгы соода үчүн ачылбаса, АКШ Ирандан "кетерин", анын бардык электр станцияларын, мунай скважиналарын жана Харк аралын толук жардырып, жок кыларын билдирген.

Ушул эле күнү ирандык SNN телеканалы Иран парламентинин улуттук коопсуздук комиссиясынын мүчөсү Алаэддин Боружердиге таянуу менен Ормуздан өтүү үчүн акы алынарын кабарлаган.

Последние новости