www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Каракол шаарынан ипотекага кезексиз батир алып берем деп 10 адамды алдаган шектүү кармалды. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук милициясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 5-августта Каракол шаарынын тургуну шаардык милицияга арыз кайрылып, анда ал Жеңиш аттуу жигит Каракол шаарынан ипотекага кезексиз батир алып берем деп 6 миң сом котортуп, ошол бойдон байланышты үзгөндүгүн билдирген.

Каракол шаардык милициясы шектүүнү колго түшүрүп, Алдамчылык беренеси боюнча кылмыш ишин козгогон. Ал мурда алдамчылык фактылары боюнча сот жообуна тартылган Түп районунун Түп айылынын 1997-жылы туулган О.М. аттуу жаран экенин аныкталды.

Ал ошол эле схема боюнча Каракол шаарында 9 жаранды алдоого шектелүүдө.

Учурда материалдар соттук кароого жөнөтүлгөн.

Каракол шаардык миилциясы жарандардан финансылык операцияларда этият болууну, өзгөчө интернет жана уюлдук байланыш аркылуу жасалган сунуштарга ишенбөөнү эскертет.

Последние новости