www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Президент Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин статусун жогорулатуу жана ролун күчөтүү жөнүндө” жарлыкка кол койду.
Ошентип, инвестицияларды тартуу чөйрөсүндө мамлекеттик башкаруу
системасынын натыйжалуулугун, Кыргыз Республикасынын президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин статусун жогорулатуу жана ролун күчөтүү максатында, КР Конституциясынын 66, 71-беренелерине ылайык токтом кылынат:
1.Кыргыз Республикасынын президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы инвестициялык
саясатка жана инвестициялык долбоорлорго жана макулдашууларга тиешелүү маселелер боюнча Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетинин жыйналыштарына катышат деп белгиленсин.
2.Кыргыз Республикасынын президентинин 2017-жылдын 31-январындагы № 17 “Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарынын реестрин бекитүү жөнүндө” жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган жарлык менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарынын реестринде:
I бөлүмдүн 1-главасында:
– жетинчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, президенттин администрациясынын жетекчисинин орун басары, министрлер кабинетинин мүчөсү (министр, мамлекеттик комитеттин төрагасы), Кыргыз Республикасынын президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы”;
– он алтынчы абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“Президентке караштуу (президенттин түздөн-түз карамагында) мамлекеттик органдын жетекчиси – Кыргыз Республикасынын президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин жетекчисин кошпогондо, министрлер кабинетине караштуу административдик ведомствонун жетекчиси, аткаруу бийлигинин башка органынын жетекчиси”.
3. Кыргыз Республикасынын президентинин 2022-жылдын 15-апрелиндеги № 115 “Кыргыз Республикасынын президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин маселелери жөнүндө” жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган жарлык менен бекитилген Кыргыз Республикасынын президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттик жөнүндө жободо:
– 13-пункттун “б” пунктчасынын экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“инвестициялык макулдашууларды, мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорлорун, мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башка
инвестициялык долбоорлорун жана программаларын иштеп чыгуу, макулдашуу жана түзүү процессин борборлоштурулган тартипте координациялайт, ошондой эле алардын аткарылышына мониторинг жүргүзөт;”;
– 17, 18-пункттар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“17..Улуттук агенттиктин ишин жетектөөнү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын президенти тарабынан кызмат ордуна дайындалуучу жана кызмат ордунан бошотулуучу Улуттук агенттиктин башчысы жүзөгө ашырат.
Улуттук агенттикте Улуттук агенттиктин башчысынын орун басарларынын кызмат орундары каралат, алар Улуттук агенттиктин башчысынын сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетинин төрагасы тарабынан кызмат ордуна дайындалат жана кызмат ордунан бошотулат.
Улуттук агенттиктин башчысынын орун басарлары болуп англис же башка чет тилин эркин билген адамдар дайындалат.
Улуттук агенттиктин башчысынын орун басарлары Улуттук агенттиктин башчысына түздөн-түз баш иет жана өз ишин жүктөлгөн милдеттердин чегинде жүзөгө ашырат.”;
– 20, 21-пункттар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“20..Улуттук агенттиктин башчысы жок болгондо анын милдеттерин Улуттук агенттиктин орун басарларынын бири аткарат.
21. Агенттиктин кызматкерлери, Улуттук агенттиктин башчысынан, Улуттук агенттиктин башчысынын орун басарларынан,
“Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк борбору” мамлекеттик мекемесинин жана эркин экономикалык зоналардын кызматкерлеринен тышкары, мамлекеттик жарандык кызматчылар болуп эсептелет. Улуттук
агенттиктин башчысы, Улуттук агенттиктин башчысынын орун басарлары кызмат орундары саясий мамлекеттик кызмат орундарына кирет.”;
– 22-пунктта:
биринчи абзацтагы “Директор” деген сөз “Улуттук агенттиктин башчысы” деген сөздөргө алмаштырылсын;
сегизинчи абзацтагы “директордун орун басарларынын” деген сөздөр “Улуттук агенттиктин башчысынын орун басарларынын” деген сөздөргө алмаштырылсын.
4.Кыргыз Республикасынын министрлер кабинети эки айлык мөөнөттө:
1) өзүнүн чечимдерин ушул жарлыкка ылайык келтирсин;
2) ушул жарлыктан келип чыгуучу башка чараларды көрсүн.