www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Илимпоздор кан тобунун адамдын сырткы келбетине жана коомдогу жагымдуулугуна тийгизген таасирин изилдеп, кызыктуу жыйынтыктарды чыгарышты. Алардын айтымында, ар бир кан тобунун өзүнө гана таандык сапаттары бар жана бул өзгөчөлүктөр адамдын образын толуктайт.
Биринчи кан тобу – харизмалуу, активдүү жана өзүнө бат тартып турган адамдар катары мүнөздөлөт.
Экинчи кан тобу – жагымдуу мүнөзү, көп кырдуу жөндөмү жана эмгекчилдиги менен айырмаланат.
Үчүнчү кан тобу – сезимтал, жумшак мүнөздүү жана жоопкерчиликтүү болушат.
Төртүнчү кан тобу – романтикалуу, максаткер жана ички дүйнөсү бай адамдар катары белгиленет.
Ошондой эле изилдөөдө иммунитет боюнча төмөнкү көрсөткүчтөр аныкталган:
Төртүнчү кан тобунун 92% ээлеринин иммунитети күчтүү;
Экинчи кан тобундагыларда инфекцияларга туруктуулук эң төмөн — 40%;
Үчүнчү кан тобунун 91% ээлери вирустук ооруларга сезгич;
Биринчи кан тобунун 80% ээлери ооруларга жакшы туруштук берет.
Адистер бул маалыматтар шарттуу мүнөзгө ээ экенин белгилеп, ар бир адамдын сулуулугу жана ден соолугу жашоо образына жана жеке өзгөчөлүктөрүнө байланыштуу экенин эскертишти.