www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Коронавирус илдетинин кесепетинен дүйнөдөгү болуп жаткан пандемия, өз изин калтырууда. Анын ичинен, биздин өлкөбүздөгү күнүмдүк тапкан акча каражаттары менен күн сүргөн калктын социалдык аярлуу катмарына залакасын тийгизүүдө. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Кыргыз Республикасынын ИИМдин Коомдук коопсуздук кызматынын жаш өспүрүмдөр менен иштөө бөлүмүнүн өздүк курамынын демилгеси менен, турмуштук оор шартта калган жарандарга жана үй-бүлөлөргө гуманитардык жардам көрсөтүштү. 

"2020-жылдын 22-апрель күнү ИИМдин Коомдук коопсуздук кызматынын бөлүм башчысы милициянын полковниги Нуржан Адылова, өздүк курамы менен Бишкек шаарындагы оор турмуштук абалга туш болгон үй-бүлөлөргө жана мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга азык-түлүк пакеттерин таратышты. 

Нуржан Адылованын айтымында, азыркы учурда жардамга муктаж болгон үй-бүлөлөр арбын, алардын социалдык жактан коргоо, жардам көрсөтүү мындан ары уланат деп белгилеп кетти", - деп айтылат маалыматта.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости