www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2026-жылдын 29-майында өлкө боюнча “Акыркы коңгуроо” салтанаты өтөт. Буга байланыштуу Кыргызстандын Ички иштер министрлиги жана Агартуу министрлиги бүтүрүүчүлөрдү, ата-энелерди жана мектеп жетекчилерин коопсуздук эрежелерин так сактоого чакырды.

Маалыматка ылайык, бүтүрүү иш-чараларынын алкагында мектептен тышкары кошумча кечелерди уюштурууга, фейерверк жана башка кооптуу каражаттарды колдонууга, ошондой эле жашы жете электердин автоунаа башкаруусуна жол берилбейт.

Коомдук тартипти жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо максатында милиция кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте иш алып барат. Өзгөчө эс алуу жайлары, кафе-ресторандар, көл жээктери жана автоунаа жолдору көзөмөлгө алынары белгиленди.

Министрликтер жарандарды мыйзам талаптарын сактоого жана балдардын коопсуздугуна өзгөчө көңүл бурууга чакырды.

Последние новости