www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2026-жылдын 27-майында Кыргыз Республикасынын АКШдагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Эдиль Байсаловдун АКШнын Мамлекеттик департаментинин Борбордук жана Түштүк Азия иштери боюнча Мамлекеттик катчысынын жардамчысы Пол Капур менен жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралуу ТИМден билдиришти.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кыргыз-америка кызматташтыгынын учурдагы маселелерин, анын ичинде саясий диалогду чыңдоо, C5+1 форматынын алкагындагы өз ара аракеттенүү, биргелешкен иш-чараларды уюштуруу, ошондой эле өлкөлөр ортосундагы соода-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүү маселелерин талкуулашты.

Элчи Э.Байсалов кыргыз тарап Кыргыз Республикасы менен Америка Кошмо Штаттарынын ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүүгө кошумча дем берүүчү аракеттерди көрүүгө даяр экенин белгиледи.

Өз кезегинде Пол Капур америкалык тарап Кыргызстан менен эки тараптуу өз ара аракеттенүүнү чыңдоонун жаңы багыттарын издөө иштерин улантууга даяр экенин ырастады.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар консулдук өз ара аракеттенүү жана экономикалык кызматташтык сыяктуу бир катар практикалык маселелер боюнча да пикир алмашышты.

Последние новости