www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

ИИМ менен

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин кызматкерлери үчүн билим берүү программалары уюштурулуп, ведомствого гранттык колдоо көрсөтүлөт. Бул тууралуу "Евразия" уюмунан билдиришти.

Маалыматка айтылгандай, ИИМ министри Улан Ниязбеков жана Россиянын Мамлекеттик Думасынын депутаты, АНО "Евразия" уюмунун төрайымы Алёна Аршинова тиешелүү келишимге кол коюшту.

"Келишимдин алкагында гуманитардык жана билим берүү долбоорлору биргелешип ишке ашырылат. ИИМ кызматкерлеринин, айрыкча жаш адистердин кесипкөй потенциалын жогорулатууга басым жасалат. Алардын өсүшүнө жана гуманитардык миссияларга катышуусуна өзгөчө көңүл бурулуп, бул программалар Кыргызстанда жана чет жакта стажировкалар аркылуу ишке ашырылат", — деп айтылат маалыматта.

Аршинова келишим достуктун жана өз ара түшүнүшүүнүн символу экенин белгилеп, Кыргызстан "Евразия — салттуу баалуулуктар аймагы" долбооруна расмий кошулган алгачкы өлкө болгонун белгиледи. Ал эми Ниязбеков "Евразия" уюмунун билим берүү, медицина жана тарыхый мурас жаатындагы ишмердүүлүгүн жогору баалап, келишим эки өлкөнүн кызматташтыгын тереңдетет деген ишенимин билдирди.

Последние новости