www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргыз Республикасынын ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматында (БМЖККК) баңги ишмердигине каршы күрөшүү кызматынын түзүлгөндүгүнө 28-жыл толгондугуна арналган салтанаттуу иш-чара өттү.
Иш-чарага Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин орун басары Мирлан Каниметов, түзүмдөрдүн жетекчилери, Кыргыз Республикасынын БМЖКККнын ардагерлери менен өздүк курамы катышышты. Салтанаттуу иш-чараны ички иштер министринин орун басары Мирлан Каниметов ачып, чогулгандарды кесиптик майрамы менен куттуктады.“Бүгүнкү күнү БМЖКККнын алдына коюлган тапшырмаларды ийгиликтүү аткарышып, (баңгикылмыштуулугу менен күрөшкөн ыкчам кызматкерлердин иши өзгөчө, так багыттагы кызматкерлерденкүчөтүлгөн талыкпас эмгекти жана жогорку деңгээлди талап кылат) талыкпас иштөөнүн натыйжасында гана ийгиликтерге жетип жатат”,-деп ички иштер министринин орун басарыбаса белгиледи.
Жыйын учурунда ички иштер министринин буйругу менен аталган кызматтын бир топ кызматкерлери кызматтык милдеттерин абийирдүү аткарышканы, кызматтык ишмердүүлүгүндө жогорку жыйынтыктарга жетишкендиги жана тапшырмаларды ийгиликтүү аткарышкандыгы үчүн сыйланышты.
Андан сырткары баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү боюнча кызматын жетектеп, көп жыл бою эмгектенишип, ушул күнгө чейин баа жеткис жардамын көрсөтүп, жаш муундарды үйрөтүү менен алектенишкен ички иштер органдарынын ардагерлери Александр Зеличенко, Адылбек Ботобаев, Асылбек Орозалиев, Нурлан Бейшекеев, Мамажан Сакеев, Эмиль Нурдоолотов, Таалай Жолдошалиев, Улан Мамыркулов, Сагынбек Алыкуловдор сыйланышты.
Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү боюнча кызматы, мурда баңгиишмердиги менен күрөшүү боюнча башкы башкармалыгы катары белгилүү болгондой, 1991-жылы 22-апрель күнү республикасынын Кылмыш иликтөө башкармалыгынын бөлүмү катары түзүлгөн. Кыргызстандын көз карандысыз мамлекет болгондон кийин баңги ишкердиги жана баңги көзкарандылыгы менен күчөтүлгөн тартипте күрөш башталган. Бирок, кызматтын өнүгүүсүнүн тарыхы коомдун татаал жана ар тармактуу көйгөйү менен алектенген бул бөлүм маанилүү экендигин көрсөттү. Ошондой эле, азыркы учурда БМЖККК Кыргызстандагы баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү боюнча атайындаштырылганжалгыз кызмат болуп саналат. БМЖКККнын кызматкерлеринин алгылыктуу жана таалыкпас эмгегинин арты менен баңги каражаттарын мыйзамсыз жүгүртүү менен күрөшүүнү уюштуруу боюнча мүмкүн болгон бардык чаралар колдонулуп, баңги көзкарандылыгын алдын алуу боюнча иштер жүргүзүлүүдө.
ИИМдин Басма сөз кызматы
Булак: NazarNews.kg