www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ички иштер министрлиги 2025-жылдын 30-ноябрында өтө турган Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо учурунда жарандарды, талапкерлерди, саясий партиялардын өкүлдөрүн жана шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүн мыйзамдын талаптарын так сактоого чакырат.
Шайлоо учурунда добуш сатып алуу жана башка ушул сыяктуу мыйзам бузууларга катуу чаралар көрүлөт.
Ички иштер органдары тарабынан шайлоо алдындагы жана шайлоо күнүндөгү коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыздоого, ошондой эле шайлоо мыйзамдарынын бузулушу боюнча ар бир фактыга ыкчам чара көрүлүүдө.
Ички иштер министрлиги жарандарды мыйзамды сактоого жана атуулдук милдеттериңерге жоопкерчилик менен мамиле кылууга чакырат.
Шайлоо мыйзамдуулук, адилеттүүлүк жана ачыктык шартында өтүшү керек.