www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
2026-жылдын 24-февралында Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин борбордук аппаратында ИИМдин Күзөт кызматынын 60 жылдык мааракесине арналган салтанаттуу иш-чара өткөрүлдү.
Майрамдык иш-чарага ички иштер министринин орун басары, милициянын генерал-майору Октябрь Урмамбетов, ИИМдин Күзөт кызматынын башчысы Тариель Абитов, ИИМдин Генералдар кеңешинин төрагасы Садырбек Дубанаев, ИИМдин Ардагерлер кеңешинин төрагасы Бакыт Сеитов, ИИМдин Күзөт кызматынын Ардагерлер кеңешинин төрагасы Мелс Белеков, ошондой эле бөлүмдүн өздүк курамы, кызматтын ардагерлери жана чакырылган коноктор катышты.
Салтанаттуу бөлүктө ички иштер министринин орун басары Октябрь Урмамбетов кызматкерлерди жана ардагерлерди мааракеси менен куттуктап, алардын жогорку кесипкөйлүгүн, кызматка берилгендигин жана коомдук коопсуздукту, укук тартибин камсыздоого кошкон олуттуу салымын белгиледи. Ал Күзөт кызматы түзүлгөн күндөн тартып өзүн ишенимдүү жана кесипкөй түзүм катары көрсөтүп, стратегиялык маанидеги объектилерди, мекемелерди жана жарандардын коопсуздугун камсыздап келатканын баса белгиледи. Ошондой эле кызматкерлер жүктөлгөн милдеттерди жоопкерчилик, принципиалдуулук жана кызматтык милдетке берилгендик менен татыктуу аткарып жатышканын айтты.
Өз сөздөрүндө ардагерлер бөлүмдүн калыптануу тарыхы тууралуу эскеришип, муундардын улантуучулугу, тартип жана жогорку деңгээлдеги даярдык кызматтын натыйжалуу ишинин негизи бойдон каларын белгилешти.
Кызматтык милдеттерин үлгүлүү аткаргандыгы жана укук тартибин чыңдоого кошкон салымы үчүн кызматкерлерге жана ардагерлерге ИИМдин ведомстволук сыйлыктары, Ардак грамоталары жана ыраазычылык каттары тапшырылды.
60 жылдык мааракесин белгилеген ИИМдин Күзөт кызматы мындан ары да коопсуздук менен коомдук тартипти камсыздоодо ишенимдүү кызмат өтөп, салттарга жана антка берилген бойдон калат.