www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
2026-жылдын 24-апрелинде Ички иштер министрлигинде ички иштер органдарынын жетекчилеринин катышуусунда онлайн форматта коллегиялык отурум өткөрүлдү. Ага ички иштер министри, милициянын генерал-полковниги Улан Ниязбеков, анын биринчи орун басары жана орун басарлары катышты.
Күн тартибинде 2026-жылдын үч айындагы ички иштер органдарынын ыкчам-кызматтык ишмердигинин жыйынтыктары, жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоонун абалы жана уюштуруу иш-чаралары, кызматтык тартипти сактоо, ок атуучу куралдарды мыйзамсыз сактоо жана колдонуу фактыларын алдын алуу жөнүндө, ошондой эле башка актуалдуу маселелер каралды.
Коллегиялык отурумду ачкан министр Улан Ниязбеков белгиленген маселелер менен катар өлкөдөгү коопсуздукту камсыздоо багытындагы жалпы жетишкендиктерге жана алдыдагы максаттарга токтолду.
Андан соң ИИМ башчысы өлкөдөгү криминогендик абалга, анын ичинде баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү, үй-бүлөлүк зомбулук жана жарандар арасындагы укук бузууларды алдын алуу маселелерине өзгөчө көңүл бурду.
Ошондой эле, ИИМдин жетекчилиги тарабынан күн тартибинде көрсөтүлгөн жол кыймылынын коопсуздугу маселесине өзгөчө көңүл бурулуп, жол кырсыктарын азайтуу боюнча бир катар тапшырмалар берилди. Анын ичинде унааны мас абалында башкаргандарга карата күчөтүлгөн жазалар, жол тыгындарын азайтуу жана айдоочулардын маданиятын жогорулатуу боюнча түшүндүрүү иштерин күчөтүү белгиленди.
Ушуга эле катар ок атуучу куралдарды мыйзамсыз колдонууга каршы күрөштү күчөтүү жана мыйзамдуу каттоодогу куралдарды сактоо эрежелерин текшерүү тапшырылды.
Андан сырткары, Улан Ниязбеков тарабынан милиция кызматкерлеринин кызматтык тартиби, мыйзамдуулукту сактоолору боюнча маселелер көтөрүлүп, ар бир жетекчиге бул багытта иштерди күчөтүү зарылдыгы эскертилди.
Андан тышкары, мыйзамдуулукту так сактоо, кызматтык тартипти бекемдөө, коррупциялык көрүнүштөргө жол бербөө, сервистик тейлөөнү жакшыртуу жана жарандардын кайрылууларын өз убагында жана мыйзам чегинде кароо боюнча ишмердүүлүктү күчөтүү тапшырылды. Милиция кызматкерлери тарабынан калк менен ачык жана натыйжалуу иш алып баруу, ар бир кайрылууга өз убагында жооп берүү жана жарандардын ишенимин жогорулатуу негизги багыт катары белгиленди.
Коллегиялык отурумдун соңунда министр коюлган тапшырмаларды өз убагында жана сапаттуу аткаруунун маанилүүлүгүн баса белгилеп, бардык жетекчилерге аныкталган кемчиликтерди жоюу милдети жүктөлдү.