www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Энергетика министри Ибраев Кыргызстанда эл макул болсо АЭС курула турганын билдирди. Өнөктөштөргө атомдук долбоорду ишке ашыруу үчүн адистерди жергиликтүү окуу жайларда даярдоо, кадрларды окутууга салым кошуу сыяктуу талаптар коюлган. Ибраевдин айтымында, АЭС курулушу узак мөөнөттү талап кылат. 

- Бул кеминде он жылда араң бүтчү процесс. Ошондой эле, экологиялык экспертиза, эл менен түшүндүрүү иштерин жүргүзүү жана макулдук алуу негизги шарттардын бири, - деп белгиледи.

Атомдук энергетика темасы президент Владимир Путиндин жакында болгон мамлекеттик сапары маалында көтөрүлүп, “Росатом” Кыргызстандагы уран калдыктарын рекультивациялоо жана чакан АЭС куруу мүмкүндүгү боюнча кызматташууга кызыкдар экенин билдирген.

Кыргызстан менен “Росатомдун” АЭС боюнча сүйлөшүүлөрү 2022-жылы башталган. Өкмөт эмки этапта долбоор боюнча конкреттүү сунуштарды парламентке алып чыгууга даярданууда.

Белгилей кетсек, Кыргыз өкмөтү “Росатом” менен бирге АЭС куруу тууралуу сүйлөшүүлөрдү 2022-жылы январда баштаган жана чакан АЭСтерди куруу жаатында кызматташуу меморандумуна кол коюлган.

Последние новости