www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өзүн "кыргыздын деми" атаган ырчы Гүлзат Мамытбек укук коргоо кызматкерлери тарабынан издөөдө жүрөт. Маалыматты Биринчи Май РИИБинин басма сөз кызматынан ырасташып, ырчыга карата "алдамчылык" беренеси боюнча сотко чейинки өндүрүш иши ачылып, тергөө иштери жүргүзүлүп жатканын билдиришти. 

Учурда Орусияда жүргөн Гүлзат Мамытбекке жогорудагы маалымат боюнча байланышканыбызда буларга токтолду. "Менин үстүмөн арыз жазгандар боюнча билем. Бул иштин артында ким турганын дагы билем. Мен англис тилин окутуу боюнча мобилдик тиркеме иштеп чыккам. Ал тиркемени ишке киргизүүдө мага каржы жагынан инвесторлор жардам берген. Тиркеме өзүн актабай, инвесторлорго каражатты убагында төлөй албай калдым. Бирок аларга акырындык менен акчаны кайтарып жаткам. Мурдагы күйөөм ошол адамдарды таап, менин үстүмөн арыз жаздырыптыр. Азыркы учурда мага издөө жарыяланган. Менин Москвада экенимди баары билишет, карантинге байланыштуу бул жактан кете албай жатам. Мен башка өлкөдө болсом дагы бардык тиешелүү иштерди жасайм, аягына чейин күрөшөм", - дейт ал. 

Белгилей кетсек, ырчы айымдын уулу мурдагы жолдошу экөөнүн чырын баяндаган кыска видео тартып, анда президенттен жардам сураган.

"Менин атым Алымбек, Гүлзат Мамытбектин уулумун. Сооронбай ата жана кыргыздын лидерлери менин апамды сактап калыңыздарчы. Мен ансыз жашагым келбейт. Жардам бериңиздерчи. Эгер жардам беребесеңиздер ал темир торго отуруп калат", - деп баласы ыйлап кайрылган.

Анын видеокайрылуусун төмөндөгү видео-тасмадан толугу менен көрө аласыздар: 

Камчыбек Бостон, NazarNews.kg

Последние новости