www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
АКШ президенти Дональд Трамп Гренландияны сатып алуу же аннексиялоо идеясы менен дүйнө саясатында жараткан чуусу дагы далайга созула турган өңдөнөт. Европа мындай өкүм зордукту кабыл ала албай, “Трамп менен сүйлөшүү мүмкүн эмес” деген деңгээлге жетти. Ал эми Россия үчүн бул сценарий кыска мөөнөттө пайда, узак мөөнөттөгү коркунуч деген эки кырдуу кесепетке алып келиши мүмкүн экени айтылып жатат.
Вашингтондо Дания жана Гренландиянын тышкы иштер министрлери менен АКШнын вице-президенти жана мамлекеттик катчысы жолугушуп, Трамп “эгер Гренландия түз АКШнын көзөмөлүнө өтүш” керектигин билдирген.
Арийне, АКШ Кытай менен Россиянын Арктикадагы аракеттерин токтотуу үчүн “Золотой купол” аба-коопсуздук системасы үчүн Гренландияны “стратегиялык түйүн” катары караганын жашырган жок. Мындан улам, Америка Данияга 100 миллиард долларга чейин компенсация сунуштап, макул болбосо, күч менен “аннексиялоого” чейин барууга даяр экенин билдирген.
Гренландиянын мааниси Арктикадагы геостратегиялык борбор катары өзгөчө даражага ээ. Аны АКШнын толук көзөмөлүнө өткөрүп берүү, андагы аба базалар жана ПРО системалары Россиянын түндүк чегиндеги коркунучту кескин күчөтөт. Себеби Орусиянын Атлантикага чыгуусун, Фарер аралдарынын аймагындагы чек ара сызыгын, Түндүк деңиз жолун америкалыктар тез арада көзөмөлгө ала алышат.
Орусия Арктикада көп жылдык инфраструктура куруп, база жайгаштырып келген. Эми Гренландия “сууга чөкпөгөн авианосецке” айланса, ал бардык аракеттерди “байлап” коюшу мүмкүн. Ошондуктан бул Россия үчүн чыныгы кооптуу сценарий.
Бирок бул абалдын Россия үчүн кыска мөөнөттүү пайдалуу жагы да бар. Эгерде АКШ чыныгы аннексияга барса, буга дейре таңуулап келген “Крым мыйзамсыз” деген логика жокко чыгат. Ошол эле учурда, Европа ичиндеги чыр-чатак, санкциялар жана биримдиктин начарлашы Россияга кысымдын азайышына шарт түзөт. Бирок бул “кыска мөөнөттү” ийгилик. Анткени узак мөөнөттө Арктикада америкалык инфраструктуранын күчөшү Россия үчүн чоң коркунуч жаратышы ыктымал.