www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Депутат Гүлкан Молдобекова Эмгек, саламаттык сактоо, аялдар иштери жана социалдык маселелер боюнча комитетинин төрайымы болуп шайланды. Бул тууралуу парламенттен билдиришти.
«Ала-Тоо» депутаттык тобу аталган кызмат ордуна депутат Гүлкан Молдобекованын талапкерлигин көрсөттү.
Депутат Сүйүнбек Өмүрзаков Сот-укук маселелери, укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин төрагасы болуп шайланды.
«Адилет Кыргызстан» депутаттык тобу аталган кызмат ордуна депутат Сүйүнбек Өмүрзаковдун талапкерлигин көрсөттү.
Андан тышкары, депутат Жылдыз Курманалиева Сот-укук маселелери, укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин төрагасынын орун басары болуп шайланды.
Бул тууралуу Жогорку Кеңештин тиешелүү токтомдору кабыл алынды.