www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинде министрдин биринчи орун басары К. С. Досматов ЮНИСЕФтин өкүлүнүн орун басары Анна Даутович менен жолугушуп, оор турмуштук кырдаалда турган балдарга жана үй-бүлөлөргө социалдык колдоо көрсөтүү системасын өнүктүрүү маселелерин талкуулады.
Жолугушууда мамлекеттик жөлөкпулдар системасын өркүндөтүү, балдарга жана үй-бүлөлөргө көрсөтүлүүчү социалдык колдоонун деңгээлин жогорулатуу, ошондой эле
жаңы киргизилген 550 социалдык кызматкердин милдеттери каралып, алардын иши балдарды ар тараптуу колдоого жана коргоого, үй-бүлөлөрдү коштоого жана ведомстволор аралык өз ара аракеттенүүнү координациялоого багытталары белгиленди.
Эл аралык өнөктөштөр, айрыкча ЮНИСЕФ менен кызматташууга өзгөчө көңүл бурулду. Бул өнөктөштүк балдардын укуктарын коргоо системасына заманбап ыкмаларды киргизүүгө жана анын натыйжалуулугун жогорулатууга өбөлгө түзөт.
Ошондой эле балдардын укуктарын коргоо боюнча биргелешкен аракеттенүү планы талкууланды.
Тараптар балдарды социалдык коргоо системасын мындан ары өнүктүрүү жана калктын аялуу катмарларын колдоонун заманбап ыкмаларын киргизүү боюнча кызматташууну улантууга даяр экендиктерин билдиришти.
Жолугушуунун жүрүшүндө К. С. Досматов ЮНИСЕФтин Балдарды коргоо жана социалдык саясат бөлүмүнүн жетекчиси Сильви Хиллге Кыргызстандагы балдарды коргоо системасын өнүктүрүүгө кошкон олуттуу салымы үчүн сыйлык тапшырды.