www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар кыргыз-казак мамлекеттик чек арасындагы өткөрүү пункттарынын ишин жакшыртууга багытталган мыйзам долбоорун карап, үч окууда кабыл алды.
Парламенттен билдиришкендей, сөз болуп жаткан мыйзам долбоору 2003-жылдын 25-декабрындагы эки өлкөнүн өкмөттөрүнүн ортосундагы мамлекеттик чек ара аркылуу өткөрүү пункттары жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколду ратификациялоону көздөйт.
Бул багытта Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы Абдикарим Алимбаев баяндама жасады. Анын айтымында, мыйзам долбоору төмөнкүдөй өзгөртүүлөрдү камтыйт:
"Төмөнкү Чүй — автожол" (Камышановка) жана "Кичи-Капка — автожол" өткөрүү пункттарынын эки тараптуу макамын көп тараптуу (эл аралык) деп өзгөртүү;
"Төмөнкү Чүй — автожол" пунктунун иштөө режимин күндүзгү убакыттан сутка бою (24/7) иштөө режимине өткөрүү.
"Бул кадамдар туризмди өнүктүрүү, жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү ташуу үчүн жагымдуу шарттарды түзүү, ошондой эле чек ара инфратүзүмүн жакшыртуу зарылчылыгы менен шартталган", — деп белгиледи Алимбаев.
Ошондой эле жыйында ШКУнун алкагында Бишкек шаарында Трансулуттук уюшкан кылмыштуулукка каршы аракеттенүү борборун түзүү боюнча макулдашуу үч окууда кабыл алынып, жарандарды жекече эсепке алуу жөнүндө мыйзам долбоору экинчи окууда колдоо тапты.