www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин калкты сапаттуу жана туруктуу электр энергиясы менен камсыз кылуу, энергетикалык коопсуздукту чыңдоо жана өлкөнүн гидроэнергетикалык потенциалын натыйжалуу пайдалануу боюнча милдеттерин ишке ашыруунун алкагында, «Электр станциялар» ААК тарабынан 2026-жылга карата учурдагы кубаттуулуктарды модернизациялоого жана жаңы инфраструктураны курууга багытталган бир катар стратегиялык маанилүү долбоорлорду активдүү ишке ашыруу уланууда.
Үч-Коргон ГЭСин модернизациялоо.
Үч-Коргон гидроэлектростанциясында эки гидроагрегатты модернизациялоо долбоорун ишке ашыруу активдүү уланууда. Анын башкы подрядчысы CNEEC болуп саналат. Жумуштар бекитилген графиктерге ылайык пландаштырылган режимде жүргүзүлүүдө.
Учурда №2 гидроагрегатта жумушчу дөңгөлөктүн камерасын демонтаждоо жана ротордун түйүндөрүн чогултуу иштери аткарылууда. Ошол эле учурда №1 гидроагрегатта турбинанын валын демонтаждоого даярдык жана көмөкчү жабдууларды демонтаждоо жүргүзүлүүдө.
Параллелдүү түрдө 10/0,4 кВ бөлүштүрүүчү түзүлүштөрдө иштер жүргүзүлүүдө.
Гидротехникалык курулмаларда суу агызуучу жайдагы дарбазаларды алуу (542,0 м белгиси), ошондой эле дамбада чыпкага каршы парданы орнотуу боюнча иштер башталды.
Модернизацияланып жаткан эки гидроагрегатты 2026-жылдын аягына чейин ишке киргизүү пландалууда.
Күрп-Сай ГЭСиндеги подстанцияны реконструкциялоо
2026-жылга коюлган пландын алкагында Күрп-Сай гидроэлектростанциясындагы 220/110 кВ подстанцияны реконструкциялоо жумушу каралган. Анын алкагында объектке кубаттуулугу 125 000 кВА болгон жаңы автотрансформаторлор жеткирилди.
Долбоордо иштеп жаткан кубаттуулугу 63 000 кВА болгон автотрансформаторлорду (АТ-1 жана АТ-2) заманбап жана өндүрүмдүү агрегаттарга алмаштыруу каралган. Бул модернизация электр тармагынын ишенимдүүлүгүн, туруктуулугун жана өткөрүү жөндөмдүүлүгүн бир кыйла жогорулатууга мүмкүндүк берет.
Жакынкы аралыкта долбоордук иштерди аяктоо, андан кийин курулуш-монтаждоо жана ишке киргизүү иш-чараларын жүргүзүү пландаштырылууда. Бардык этаптар аяктагандан кийин жабдуулар өнөр жайлык эксплуатацияга киргизилет. Күрп-Сай ГЭСиндеги подстанцияны реконструкциялоо иши толугу менен 2026-жылдын август айында аткарылып бүтөт деп пландалууда.
“Камбар-Ата-1 ГЭС” долбоорун ишке ашыруу
“Электр станциялар” ААКы “кылым долбоору” аталган “Камбар-Ата-1 ГЭС” долбоорун ишке ашыруу үчүн тынымсыз иштерди жүргүзүүдө. ГЭСтин курулушуна карата даярдык иштеринин алкагында электр берүү линияларын тартуу, автомобиль жолдорун куруу, Нарын дарыясы аркылуу көпүрө куруу, куруучулар үчүн шаарчаны түзүү, ошондой эле бир катар башка инженердик жана уюштуруу иш-чаралары жүргүзүлүүдө.
2026-жылга коюлган негизги пландардын бири — Камбар-Ата-1 гидроэлектростанциясынын курулуш аянтына жетүүнү камсыз кылган Нарын дарыясы аркылуу өтүүчү стратегиялык маанидеги көпүрөнүн курулушу. Жумуштар кышкы шарттарга карабастан жыл бою жүргүзүлүүдө.
Көпүрө транспорттук инфраструктуранын негизги элементи болуп саналат жана курулуш аянтынын оң жээги менен туруктуу байланышты камсыз кылат. Келечекте ал курулуш материалдарын, техниканы жана персоналды жеткирүү үчүн негизги логистикалык маршрут болуп калат.
Объекттин техникалык мүнөздөмөлөрү:
• жүк көтөрүмдүүлүгү — 400 тоннага чейин;
• узундугу — болжол менен 200 метр;
• туурасы — 11 метр.
Учурда темир-бетон тирөөчтөрдүн курулушу аяктады. Металл конструкциялар жээкте чогултулуп, андан кийин этап-этабы менен жылдырылууда: чогултулган 40 метр конструкциянын 26 метри суунун үстүнө жылдырылды.
Конструкциялар атайын заказ менен жасалып, сапат көзөмөлүнөн өткөн. Объектте 24 адис иштейт. Металл конструкцияларды монтаждоо, ошондой эле тиешелүү инфраструктураны өнүктүрүү иштери активдүү фазада жүргүзүлүүдө.
Камбар-Ата-1 ГЭСи региондогу эң ири энергетикалык долбоорлордун бири болуп саналат, анын долбоордук кубаттуулугу болжол менен 1 860 МВт. 2026-жылдын июль айынын башында толугу менен бүтө турган көпүрөнүн курулушунун аякташы станциянын негизги курулушунун масштабдуу фазасына өтүүгө шарт түзөт.
Камбар-Ата ГЭС-2: экинчи гидроагрегатты ишке киргизүү
Энергетика тармагында генерацияны көбөйтүү максатында ири долбоорлорду ишке ашыруунун алкагында Камбар-Ата ГЭС-2де экинчи гидроагрегатты ишке киргизүүгө даярдык иштери кызуу уланууда.
Бекитилген графикке ылайык, убактылуу жана туруктуу инфраструктура объекттерин курууну камтыган мобилизация этабы уланууда. Учурда подряддык DEC-SM уюмдары (№1–2 лоттор) персонал үчүн ашканасы бар турак жай лагерин курууда.
Подрядчы Sinohydro (№3 лот) төмөнкү объекттерди курууну ишке ашырууда: офистик имарат (ички жасалгалоо иштери жана электромонтаж жүргүзүлүүдө), заказчынын консультанттары үчүн турак жайлар (аяктоо стадиясында), персонал үчүн турак жай лагери (ширетүү иштери жана чатыр конструкцияларын монтаждоо жүргүзүлүүдө), ошондой эле лабораториялык жай.
Параллелдүү түрдө негизги технологиялык объекттер боюнча долбоордук-сметалык документтерди иштеп чыгуу жүргүзүлүүдө. Бул иш-чаралар курулуштун кийинки этабына өтүү үчүн зарыл болгон өндүрүштүк жана инфраструктуралык базаны түзөт.
Иштеп жаткан гидроэлектростанцияларды модернизациялоо жана жаңы энергетикалык инфраструктура объекттерин куруу боюнча долбоорлорду комплекстүү ишке ашыруу энергосистеманын ишенимдүүлүгүн жогорулатууга, генерациялоочу кубаттуулуктарды көбөйтүүгө жана өлкөнү жана регионду туруктуу энергия менен камсыздоого багытталган.
Азыркы тапта Камбар-Ата-2 ГЭСинин кубаттуулугу 120 МВт болсо, экинчи гидроагрегат ишке киргизилгенден кийин анын кубаттуулугу 240 МВт болот. Камбар-Ата ГЭС-2де экинчи гидроагрегатты ишке киргизүү иштери 2029-жылдын башына пландаштырылууда.