www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
2026-жылдын 18-майында Президенттин Чүй облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Аширбаев Элкинбек эл менен болгон жолугушууда Токмок шаарынын тургуну М.А. тарабынан кайрылуу түшкөн.
Анда Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Шаар куруу жана архитектура департаментинин Токмок шаардык шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын башчысынын орун басары У.А. жер тилкесинин максаттуу багытын коммерциялык багыттан турак жай куруу багытына өзгөртүү маселесин чечүү үчүн акча талап кылган деген маалымат айтылган.
Бул факты Чүй облусунун ички иштер органдарында каттоого алынып, текшерүү иштери башталды.
Текшерүүнүн жүрүшүндө аталган башкармалыктын башчысынын орун басары У.А. Чүй облусунун ички иштер башкы башкармалыгына жеткирилди.
Учурда тергөө иштери улантылып, жыйынтыгы боюнча Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине ылайык тиешелүү укуктук баа берилет.