www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкекте "Газпром Кыргызстан" компаниясынын мобилдик тиркемесинин жана сайтынын бет ачары болду.

Башкы директордун орун басары Арзымат Алдаяров мобилдик тиркемени тестирлөө үстүбүздөгү жылдын январь айында башталганын билдирди. Аны Google Play жана App Store тиркемелеринен жүктөп алууга болот.

"Бардык кызматтарды кеңсеге келбей эле алууга болот. Кардарлар компаниянын кызматына арыздарды тапшырып, эсептегичтердин көрсөткүчтөрүн жөнөтө алышат. Мындан тышкары, газ үчүн төлөмдөрдү онлайн жүргүзүп, операторлор менен кеңеше алышат. Жарандардын бардык жеке маалыматтары корголгон, коопсуздук үчүн кабатыр болууга негиз жок. Бардык филиалдар жөнүндө маалыматтар камтылып, иш графигин көрүүгө болот. Тиркемени "Газпромдун" абоненти болбогондор да колдоно алышат", — деди ал.

Азырынча кызмат орус тилинде гана жеткиликтүү, бирок эки жуманын ичинде кыргыз тилине которуу пландалууда.

"Быйыл мобилдик тиркемени "Түндүк" мамлекеттик порталы менен интеграциялоону көздөп жатабыз. Бул калкка кызмат көрсөтүүнү жөнөкөйлөштүрөт жана иштин майнаптуулугун арттырат", — деди жетекчинин орун басары.

Мобилдик тиркемеден тышкары, "Газпром Кыргызстандын" сайты иштелип чыккан. Бардык кызматтар жана функциялар ошол жерде да көрсөтүлөт.

Булак: "sputnik.kg"

Последние новости