www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

"Газпром Кыргызстан" компаниясынын башкы директорунун орун басары Арзымат Алдаяров жыл башында Ош шаарында газдын басымы азайып кеткен себебин коңшу Өзбекстандын өзүндө көгүлтүр отун азайганы менен түшүндүрдү.

Ал коңшу өлкө мурда газды экспорттоочу болгонун, азыркы маалда импорттоочу болуп калганын айтты.

10-15 жыл мурда да Ошко Өзбекстандан газ келбей калган учурлары катталып турчу. 2014-жылы "Кыргызгаз" Орусияга өткөн соң бул маселе толук чечилери айтылган. Ага карабай соңку 9-10 жыл ичинде да түштүк борбордо газдын басымы азайып кеткен учурлар болуп келатат.

Жыл башында Ошто газдын басымы азайып, 31-январда шаардын айрым бөлүктөрүндө (Ак-Тилек, Юго-Восток, Авиа шаарчада, Учар айылында) өчүп калган. Өлкөнүн түштүгүндө кыш айларында газдын төмөндөшү акыркы үч жылдан бери кайталанып келет. Ош шаары газдын басымы өз нормасы менен келгенде кыш айларында бир суткада 160-200 миң куб газ керектейт. Өткөн жылы 12 айда 25 миллион куб газ керектеген.

2014-жылы Кыргызстандын “Кыргызгаз” ишканасы Оруcиянын “Газпромуна” сатылып, “Газпром-Кыргызстан” компаниясы түзүлгөн. "Ошгаз" ишканасы да "Газпромго" өткөн.

Последние новости