www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Футбол боюнча Азия Кубогуна катыша турган оюнчулар

Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы 19-декабрдан бери Бириккен Араб Эмираттарында Азия Кубогуна даярдык көрүүдө. Машыгуунун алкагында 25-декабрда Өзбекстандын оюнчулары менен беттеш өткөрүп, 4-1 эсебинде жеңилген. 30-декабрда Бириккен Араб Эмираттарынын футболчулары менен беттеште 1:0 эсебинде утулган. Алдыда 5-январда Дубайда Сириянын, 9-январда Катардын борбору Доха шаарында Вьетнамдын курама командасы менен оюн өткөрөт.

Азия Кубогу 12-январда Катарда башталат. Кыргызстан F тайпасында Сауд Арабиясы, Тайланд, Оман курама командалары менен беттешет. Кыргыз футболдук бирлиги Катарда өтө турган Азия чемпиондугуна катыша турган оюнчулардын акыркы тизмесин 4-январда жарыялады. Тизмеге төмөнкү футболчулар кирген:

Дарбазачылар: Эржан Токотаев, Марсел Исламкулов, Султан Чомоев, Курманбек Нурланбеков;

Коргоочулар: Кайрат Жыргалбек уулу, Бактыяр Дүйшөбеков, Александр Мищенко, Християн Браузман, Айзар Акматов, Тамирлан Козубаев, Бекжан Сагынбаев, Сүйүнтбек Мамыралиев, Амантур Шамурзаев;

Жарым коргоочулар: Одилжан Абдурахманов, Адил Кадыржанов, Азим Азаров, Мерк Кай, Атай Жумашев, Бекназ Алмазбеков, Фархат Мусабеков, Мерк Кими, Гүлжигит Алыкулов, Нурдөөлөт Сталбеков;

Чабуулчулар: Эрнист Батырканов, Жоэл Кожо, Дастан Токтосунов.

“Акшумкарлар” 16-январда Тайланд курамасына каршы алгачкы оюнун өткөрөт. Кыргызстандын курамасы ушуну менен экинчи жолу Азия кубогуна чыгып жатат. Улуттук курама 2019-жылы алгачкы жолу Азия кубогунда ойноп, 1/8 финалга чейин жеткен. Бул кыргыз футбол тарыхындагы эң чоң ийгилик болуп калды.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости