www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Франциянын мурдагы премьер-министри Мануэль Вальс Иранга өзөктүк сокку уруу мүмкүнчүлүгүн жокко чыгарган жок. LCI телеканалына берген маегинде ал Париж Тегеран өзүнүн өзөктүк куралына ээ боло электе жана бардык дипломатиялык каражаттар түгөнүп бүтө электе ушундай кадамга барышы керек деп билдирди.

"Эгерде дипломатиялык каналдар иштебей калса, Франциянын сокку уруусу мумкун деген ойду карап чыгуу керек.",- деп айтты ал.

Мурдагы премьер-министр Франция кызыкчылыктары жана тынчсыздануулар жөнүндө мурда болуп көрбөгөндөй ойлонушу керектигин баса белгиледи.

Вальс ошондой эле Парижди согуштук кагылышууга алып келиши мүмкүндүгүнө даярданууга чакырды.

Буга чейин Франциянын президенти Эммануэль Макрон Израилдин Сириядагы консулдукка чабуулуна жооп иретинде Ирандын соккусу пропорционалдуу эмес деп билдирген. Макрон ошондой эле жөөт мамлекети өзүн коргоого укуктуу экенин, бирок чатакташкан тараптарды «эскалациядан качуу үчүн өздөрүн чектөөгө» чакыруу керектигин баса белгиледи.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости