www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Франция менен Германия ядролук чектөө (сдерживание) тармагындагы кызматташтыкты кеңейтет. Париж жана Берлин «ядролук маселелер боюнча жогорку деңгээлдеги биргелешкен жетекчи топ» түзгөнү тууралуу эки өлкө лидерлеринин биргелешкен билдирүүсүндө айтылды.

Бул документ Франциянын президенти Эммануэль Макрон жаңыланган француз ядролук доктринасын сунуштагандан кийин, 2-мартта жарыяланган. Германия тараптан билдирүүгө канцлер Фридрих Мерц кол койгон.

Тараптар бул кызматташтык НАТОнун ядролук чектөө системасын же альянстын ядролук бөлүшүү келишимдерин алмаштырбай турганын баса белгилешти. Германия аталган механизмдерге катышууну улантат.

Билдирүүгө ылайык, жаңы франко-герман жетекчи топ доктриналык диалог жана стратегиялык координация үчүн эки тараптуу платформа болот. Айрыкча кадимки куралдуу күчтөрдүн, ракетага каршы коргонуу тутумдарынын жана Франциянын ядролук мүмкүнчүлүктөрүнүн оптималдуу айкалышын талкуулоо каралган.

Ошондой эле Франция менен Германия ядролук босогодон төмөн деңгээлдеги эскалацияны башкаруу мүмкүнчүлүктөрүн арттырууну көздөйт. Бул багытта эрте эскертүү системалары, абадан коргонуу жана алыс аралыктагы так сокку уруучу каражаттар өнүктүрүлөт.

Мындан тышкары, документте 2026-жылдан тарта Германия Франциянын ядролук машыгууларына катыша баштай турганы белгиленген. Эки өлкөнүн өкүлдөрү стратегиялык объекттерге өз ара сапарларды да ишке ашырат.

Последние новости