www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Тынч океандан келген «Калмаеги» тайфунунун катуу шамалы жана суу ташкынынын айынан Филиппинде каза болгондордун саны 224 адамга жетти.
Бул тууралуу Филиппин маалымат агенттиги (PNA) Улуттук табигый кырсыктар тобокелдигин азайтуу жана башкаруу кеңешине (NDRRMC) таянып билдирди.
Табигый кырсык 3 миллион адамга жакын калкты камтып, 74 миңден ашуун имаратка зыян келтирген. Ошондой эле 109 адам дайынсыз жоголгон деп эсептелүүдө. Издөө жана куткаруу иштери уланууда.
Филиппин метеорология бюросунун (PAGASA) маалыматы боюнча, «Фунг-вонг» (жергиликтүү аталышы — Уван) деп аталган супертайфун өлкөнүн түндүк-чыгыш жээгине таасирин тийгизе баштаган.
Бул супертайфундун ылдамдыгы саатына 185 чакырымга чейин жетүүдө. Ошондуктан 11 аймактан 1 миллионго жакын адам эвакуацияланган.
Тайфундун соккусу күтүлгөн түндүк аймактарда бийлик мектептерди жана көпчүлүк мамлекеттик мекемелерди алдын ала жаап коюу чечимин кабыл алды — 10 жана 11-ноябрь күндөрү алар иштебейт.
Мындан тышкары, 325 ички жана 61 эл аралык каттам жокко чыгарылды. Адистер бороон учурунда толкундардын бийиктиги 3 метрден ашышы мүмкүн деп эскертишүүдө.
Филиппиндин президенти Фердинанд Маркос 6-ноябрда кырсыкка каршы кызматтар менен өткөн жыйында өлкөдө улуттук өзгөчө кырдаал режимин жарыялаган.
Эске салсак, 2013-жылдын ноябрында Филиппинге «Хайян» тайфуну сокку урган, анын кесепетинен 7 миң 300дөн ашуун адам каза болгон.