www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Чыр жараткан ыр "Шелковая нить" деп аталат. Аны мурда франциялык ырчы жана актриса Далида аткарып келген

Москва шаарынын Савельев соту француз автору Жильбер Синуэнин ырчы Филипп Киркоровдон плагиат боюнча 15,5 миллион рубль талап кылган доосун эртең карайт. Бул туурасында РИА Новости жазды.

Чыр жараткан ыр "Шелковая нить" деп аталат. Аны мурда франциялык ырчы жана актриса Далида аткарып келген.

Буга чейин Синуэнин өкүлү Игорь Трунов кеп Франциянын автордук коомунда 1978-жылы катталган Helwa ya Baladi ыры туурасында болуп жаткандыгын билдирген. Жактоочу талап кылынган акчанын суммасы дагы өсүшү мүмкүндүгүн кошумчалаган.

Эске салсак, мурдараак Киркоровду айыпка жыгууга буга чейин Дидье Маруани аттуу композитор аракет кылган. 2016-жылы Москва шаарынын сотуна ырчы аткарып жүргөн "Жестокая любовь" аттуу ыры үчүн 75 миллион рубль талап кылып, кайрылган. Маруани композиция Symphonic Space Dream ырынын кайра иштелген варианты деп айткан. Бирок иш сотто каралган эмес.

2016-жылдын ноябрь айында Киркоровдун "1 млн. евро талап кылды" деген арызы менен Маруани жана анын юристи Трунов Москвадагы Сбербанктын биринен кармалган. Кийинчерээк композитор менен анын жактоочусун кое берип, акча талап кылганы боюнча кылмыш ишин козгогон эмес.

Плагиат үчүн кыргызстандыктар дүйнөгө таанымал бренддерге доо койгон учурлар бар. Маселен, дизайнер Марсель Шейшенов Adidas идеясын суроо-сопкутсуз колдонгонуна ыза болгондугун айткан.

Булак: NazarNews.kg



 

Последние новости