www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Алдамчылыкка шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Милицияга борбор калаанын тургуну арыз менен кайрылган. Анын айтымында, 13-январда «Киа Спортейж» жана «Мерседес-500» үлгүсүндөгү эки унаасын сатуу үчүн башка бирөөгө өткөрүп берген. Бирок ушул күнгө чейин ага 22 миң 715 доллар өлчөмүндөгү акчасы кайтарылган эмес.
Бул факт Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (Алдамчылык) боюнча катталып, шектүү катары 1991-жылы туулган А.Т. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Тергөө иштеринин алкагында, кармалган аялдын ушул сыяктуу дагы үч кылмышка тиешеси бар экени аныкталды. Жалпы чыгымдын суммасы 2 млн сомдон ашык каражатты түзөт.