www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Барак Обама The New Yorker басылмасына берген маегинде Жакынкы Чыгыштагы саясатты сынга алып, Дональд Трамп менен Биньямин Нетаньягу жүргүзгөн багытты туура эмес деп атады. Анын айтымында, Иран менен учурдагы куралдуу тиреш Израилдин да, АКШнын да стратегиялык кызыкчылыктарына жооп бербейт.
Обаманын сөзүнө караганда, Биньямин Нетаньягу ага чоң басым жасап, Ирандын өзөктүк объекттерине түз аскердик сокку урууну талап кылып келген. Кийин ал ошол эле ыкманы Дональд Трампка да колдонгон. Натыйжада республикачыл администрация Иерусалимдин колдоосу менен күч колдонуу жолун тандап, бул Жакынкы Чыгышта чыңалуунун күчөшүнө алып келген.
Обама өзүнүн мурдагы дипломатиялык саясатын туура деп эсептейт. Ал Нетаньягу каалаганына жетти, бирок бул Израиль эли үчүн чындап жакшы жыйынтык бердиби деген суроо койду? Ошондой эле ал азыр Дональд Трамп Тегеран менен жаңы келишим түзүүгө аракет кылып, мурда демократтарды сындаган компромистерди карап жатканын белгиледи. Анын пикиринде, Трамптын президенттик доорунан кийин эл аралык союздарды калыбына келтирүү өтө чоң күчтү талап кылат.
Обама бүтүндөй цивилизацияларды жок кылабыз деген коркутууларды кооптуу текебердик деп атады. АКШнын лидерлиги коркутууга эмес, адамдык кадыр-баркты урматтоого негизделиши керек. Ал кыска мөөнөттүү аскердик ийгиликтер, эч качан чыныгы коопсуздукту алмаштыра албайт деп белгиледи.