www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Европабиримдиги Жакынкы Чыгыштагы чыңалуунун экономикалык кесепеттерин эсептеп жатышат. Франциянын экономика жана каржы министри Ролан Лескюр билдиргендей, АКШ менен Израилдин Иранга каршы аракеттеринен улам Франция 4-6 млрд евро чыгым тартышы мүмкүн.
Италияда болсо Confindustria энергия баасынын өсүшү экономикага терс таасир этерин эскертти. Эгер мунай баасы кымбат бойдон калса, өлкө компаниялары энергияга ондогон миллиард евро кошумча чыгым тартат.
Германияда канцлер Фридрих Мерц энергетикалык коопсуздук боюнча чукул жыйын өткөрүүнү пландап, отун жеткирүүнү туруктуу сактоо негизги максат экенин айтты. Ошондой эле бийлик күйүүчү майга салыктарды убактылуу азайтып, калкты колдоону көздөп жатат.