www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Евробиримдик Чыгыш Европа өлкөлөрүнө, Туниске жана Иорданияга бир жыл ичинде 3 млрд. евро жардам берет. Бул тууралуу ЖМКлар жазып чыкты.
Европарламент менен биримдикке кирген өлкөлөр планды жакынкы апталарда бекиткени турушат.
Еврокомиссия каражат коронавирустун экономикалык кесепеттерин жумшартыш үчүн «абдан пайдалуу шарттар менен» сунушталганын билдирди.
Эң чоң бөлүгү – 1,2 млрд. евро - Украинага тиет. Постсоветтик дагы эки өлкө - Грузия 150 млн. евро, Молдова 100 млн. евро алышат.
Андан тышкары Босния, Албания, Косово, Түндүк Македония жана Черногория жардам алышат.
Ал эми Тунис 600 млн. евро, Иордания 200 млн. евро алганы турушат.
Коронавирус пандемиясына байланыштуу экономика токтогонуна байланыштуу дүйнөнүн өнүгүп келаткан өлкөлөрү катаал кризиске кабылып, бюджеттик таңкыстык көбөйүүдө.
Булак: NazarNews.kg