www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
28-30-апрель күндөрү Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун аймагында унаа кыймылына убактылуу чектөөлөр киргизилет.
Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришкендей, мындай чара Того Республикасынын министрлер кеңешинин төрагасы Фора Эссозимна Гнассингбенин Кыргызстанга болгон иш сапарына байланыштуу көрүлүүдө
Расмий делегациялардын өтүүсү учурунда төмөнкү жол тилкелеринде унаа кыймылына убактылуу чектөөлөр киргизилет:
"Бул күндөрү чет өлкөгө же өлкөнүн башка аймактарына барууну пландаган жарандарга "Манас" эл аралык аэропортуна, темир жол бекетине жана Бишкек шаарынын Батыш автовокзалына алдын ала баруу, ошондой эле жол тыгындарына кабылбай, каттамдарга кечикпөө үчүн жүрүү маршруттарын алдын ала пландаштыруу сунушталат", - деп айтылат маалыматта.