www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкек шаарында күн сайын 1200-1300 муниципалдык автобустар калкка кызмат көрсөтүү үчүн каттайт. Бул тууралуу «Биринчи радиодо» «Бишкек шаардык транспорт» муниципалдык ишканасынын № 2 автобус депосунун башкы инженери Артур Өмүрзаков билдирди.
Анын айтымында, жалпысынан 1472 автобус иштейт.
«Бирок автобустарды жакшы абалда кармоо үчүн техникалык тейлөө стандарттары бар экенин унутпашыбыз керек. Ошондуктан кээ бир автобустар токтоп турат, бирок жөн эле токтоп калбайт; алар техникалык тейлөөдөн өтүп жатышат — май алмаштыруу жана керектүү запастык бөлүктөрү. Бардык запастык бөлүктөрү бар», — деди Артур Өмүрзаков.
Ал айдоочулардын кетип жатканы менен бирге алардын агымы да бар экенин, ошондуктан «дүйнөлүк тартыштык» жок экенин кошумчалады.
Тыгындардын айынан автобустардын ортосундагы аралык узап кетип жатат.
Акыркы үч жылда Бишкекке 1 миң 800дөн ашык коомдук транспорт каражаттары келгени түз эфирде айтылды.