www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

 Чүй районунун бюджетине жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыгында 17 млн 199 миң 900 сом каржылык эреже бузуулар аныкталды. Бул тууралуу Эсептөө палатасынын басма сөз кызматы билдирди.

Эсептөө палатасы Чүй облусунун Чүй районунун жергиликтүү бюджеттеринин түзүлүшүнө жана аткарылышына, республикалык бюджеттеги айрым мекемелердин бюджеттеринин аткарылышына шайкештик аудит жүргүзгөн.

Чүй районунда жүргүзүлгөн аудиттердин жыйынтыгында – 17 млн 199 миң 900 сом каржылык эреже бузуулар аныкталган.

Алар:

- бюджеттин киреше бөлүгүн түзүүдө, кирешелердин болгон булактарын толук эсепке албагандыктын натыйжасында түшүүлөрдүн пландык көрсөткүчтөрү 4 млн 282 миң 600 сомго төмөндөтүлгөн;

- жайыт комитети тарабынан жайыт жерлерин пайдалануу үчүн алынган акынын 1/3 бөлүгү — 29 миң сом жергиликтүү бюджетке котрулган эмес; 

- депозиттик эсептерде 3 жылдан ашык сакталган акча каражаттары — 107 миң сом;

- аткарылган жумуштун көлөмү жана курулуш-монтаждоо иштеринин наркынын жогорулатылышы — 2 млн 96 миң 200 сом;

- эмгек акы төлөөдөгү бузуулар — 4 млн 916,9 сом. Бош кызмат орундарына кадрлар резервинде турбаган кызматкерлер кабыл алынган, аларга 3 млн 907 миң 500 сом эмгек акы төлөнгөн, 1млн 9 миң 400 сомго штаттан тышкаркы бирдиктер киргизилген;

- жергиликтүү бюджеттин эсебинен бекитилген ченемден ашыкча керектелген электр энергиясы — 115 мин 600 миң сом;

- товардык-материалдык баалуулуктардын нормативден ашыкча запастары жана эсептөөдөгү каражаттар — 4 млн 828 миң 500 сом;

- каражаттарды сарптоодо тастыктоочу бухгалтердик документтерсиз 11 миң 300 сом негизсиз эсептен чыгарылган;

- рационалдуу эмес пайдаланылган каражаттар — 185 миң 300 миң сом; мамлекеттик (муниципалдык) мүлктү пайдалануунун ижара акысынын өлчөмүн төмөндөтүү — 123 миң сом;

- мыйзамдарда белгиленген мамлекеттик сатып алууларды жүргүзүүнүн талаптарын жана жол-жоболорун бузуу — 504 миң 500 сом.

Чүй районунун бардык аудит жүргүзүлгөн мекемелерине жана уюмдарына аныкталган финансылык эреже бузууларды жана кемчиликтерди жоюу үчүн жазма буйруктар жөнөтүлдү.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости