www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бумеранг 

Садыр Жапаровду УКМКнын эле абагында кармаса болбойт беле?.. Анан каалаганча сотко чакырып “сен момундай акмакчылыктарды жасаптырсың, далил мынакей; бакиевдерден акчасы менен митинг кылыпсың, ага далил мына; каптагаевди уурдап кеткенге тиешең бар экен далилдер мына..” деп бетине күнөөлөрүн мыйзамдуу койсо, эл деле “..аа күнөөсү бар неме турбайбы..” деп ынанмак. Кумтөр маселесин айтып, а түгүл бийликти эл аралык сотко берүүгө да камынып жүргөн Жапаровдун ал дооматтарын деле угуп, “Кумтөр боюнча биз өтө эле периштебиз, периштелик далилдерибиз мына” деп аргументтерди, фактыларды айтып, Жапаровдун бетине койсо бийликтин өзүнө эле абийир болмок. “

Баардык суроолоруңарга жооп берем, чакырсаңар кел деген жериңерге келем” деп алдын ала видео кайрылуу жасап, келээри туурасында мэрияга, ички иштер министрлигине расмий кат жиберип, өзү Кыргызстанга келген Садыр Жапаровду токумун жеген, тиришумдук кылмыштарды жасап, кримдүйнөнүн эң коркунучтуу даңгеселеринин уюгу болгон №1 колонияга камоонун канчалык кажети бар эле?..

Видеокамерасы бар бөлмөгө камадык дешти эле, Жапаровдун моюну жана колдорунун тамырлары кесилишине эмне түрткү болгонун тастыктоочу видео-далилдерди эми көрсөтүшөөр бекен? Же дал ошол убакта свет өчүп калган, видеокамера иштебей калган жасалма-далилдер пайда боло калабы? Отуз жетинчи жылдагы репрессиялык ыкманы колдонуп, орто кылымдагы жапайы коркутуу менен кишини эптеп эле сындыруу эмеспи максат?

Маселе тигил же бул тараптын туура камап же Жапаровдун туура эмес камалып жатканында-жатпагандында эмес. УКМК, Ички иштер министрлиги, Сот, Прокуратура, түрмө жетекчилиги Түштүк Кореядагыдай болуп, ар бир чечимин өйдө жакка кылчактабай, президенттен жалтактабай, өз алдынча чыгарып жатышкан болсо бир жөн...

Балээнин баары - колундагы сот, милиция, прокуратура, УКМКны пайдаланып кимди камагысы келсе камаган, камагысы келбесе камабай кое алган президенттин ХАНДЫК каалоосунда болуп жатат!... Так эле ушундай “баш кесерлик” бумеранг менен шорлотушпаса болду... ((

Эрнис Кыязов

Булак: NazarNews.kg

Последние новости