www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

—  Эрнест мырза, энергетиктер буга чейин өлкөдө электр энергиясынын кубаттуулугун 5 кВт/сааттан 3 кВт/саатка чейин азайткан. Эми керектөөчүлөр электр кубаттуулугу жетишсиз учурда “чексиз тарифине” өтсө болорун, ал тариф 1 кВт/саат үчүн 3,81 сом төлөнө турганын айтышты. Ошондо чектөө киргизип, кайра ошол эле электр энергиясын кымбат сатуу планын ишке ашырууну көздөшкөн эмеспи?

— Эми эмне дейбиз? Сөз деле калбай калды го. Алдап атып тажашпайт экен булар. Бир туруп, “свет, суу аз” деп элди 5 кВт/ сааттан 3 кВт/саатка түшүрүп атышат. Ошол эле убакта “кымбат төлөгөндөргө чексиз кубаттуулугун беребиз” дешет. Баягы мончодо бир еврейге кайрылгандай, “или вы трусы наденьте или крестик снимите” дегендей, булар дагы жөнөкөй логикага жаткан иш алып барышса жарашат эле. Элди келесоо деп ойлошобу? Баягы эле карапайым калктын эсебинен маселе чечүү саясаты... Тилди угуп, шылуундардын "жашыл энергетикасын" тим коюп, Кара-Кече ТЭСти куруп башташса, азыр суу дагы толук болмок Токтогул ГЭСинде. Ички электр керектөө жабылмак, андан тышкары, 6 миллиард кВт/ саат резерв болмок. Элди да, экономиканы дагы кыйнабай, жылуу жумшак жашап калмакпыз.

— Электр энергиясынын кубаттуулугун 5 кВттан 3 кВтка чейин азайтуу тарыхта болгон эмес... Бул чектөө кыйналган элди ого бетер азапка салбайбы?

— Саясат, система өзгөрбөсө, албетте, карапайым эл кыйналат. Тилекке каршы, азыр алып-сатарлардын заманы болуп калбадыбы. Бир ууч алып-сатарлар бийлеп атышпайбы. Ошолорго майнинг фермаларды ачканга уруксат берилет, мамлекеттик тармак өзү куруп ала турган электр объектилерди ошолор куруп, ортомчу болуп алышат, мамлекеттик тармак өзү Камбар-Ата–2ни 30 мВт "запертая мощность" 1,5 миллиард сомго чыгарбай, ошол шылуундарга уруксат беришет курганга. Аларга электроэнергияны нарк баасы менен (1 кВт/саат 50 тыйындан) 3 миллиард кВт/саат беришет. Эгерде мамлекеттик тармак өзү куруп алса, 500 миллион кВт/саат эле (3 миллиард кВт/саат эмес) 3 сомдон экспортко сатып, бир жылда 1,5 миллиард сомду ордуна коюп коюшмак. Энергия жетпей атса, светти итбекер шылуундарга беришеби? Акылбек Жапаров иштеп турганда ушундай өкмөттүн чечимин чыгарып берген болсо, чатак. Ошон үчүн электр энергиясына болгон саясатты өзгөртүш керек. Мамлекеттин эң маанилүү базалык милдети бул – элдин жашоо турмушун жакшыртуу, кыйноо эмес. Мамлекет буга жооптуу. Электр энергиясы, суу – бул жашоо үчүн базалык зарыл болгон ресурстар. Мамлекет баардык жарандарга тең, анан бир баада жеткизип бериши шарт. Ар кайсы тарифтер менен элди бөлүп-жарууга, мамлекеттүүлүктү кыйроо абалга алып келген саясатты токтотуш керек, антпесе көйгөй улана берет.

— Мындай чектөө чын эле тармактын жүгүн жеңилдетеби?

— Жүк жеңилдебейт. Өзүбүздүн арзан, электр энергиясынын нарк баасы 1 сом болгон көмүр электростанцияны өткөн жылдары курбай, 4 сом 42 тыйындан "жашыл энергетика" дегендерден өкмөт сатып алып, элге, экономикага жүктөп атат. Айланайындар, АКШ, Трамп "жашыл энергетиканы" четке кагышты, “зыяны көп” дешти. Шылуундардын модасы өтсө да токтобой, бирөөлөрдүн таштандысын өлкөгө ташый беребизби? Иши кылып, башаламан. Энергетикага мурдагы баардык президенттер чалынышкан. Ушуну эстен чыгарбаш керек!

—  Элдин нааразычылыгын эске алганбы, президент “чексиз кубаттуулукка” каршы чыгыптыр. Анын бул кадамы туура болдубу?

— Президент Садыр Жапаров энергетика министринин “чексиз кубаттуулугуна” каршы чыкканы эң туура иш болду.

— Президенттин сынынан кийин энергетика министри кызматтан кетиши керекпи?

—  Аны президент өзү чечсин. Негизи энергетика министри өлкөгө зыяндан башка пайда алып келген жок. Өлкө башчысын уят кыла турган иш кылып атса, ага ишеним болобу?

"Азия Ньюс" гезити

 

Последние новости