www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Салмагың кандай саясатчы? 

Дал ушундай рубриканын негизинде Кыргызстандын саясатында мамлекеттик жана коомдук иштерге активдүү аралашып жүргөн саясатчылардын, мамлекеттик ишмерлердин бейнеси тууралуу кыскача сүртүмдөрдөн берип туралы дедик. Бул жолку каарманыбыз – Урмат Самаев. 

Учурда Президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары болуп отурган Урматбек Самаев деген бар. Ал Токмок шаарынын мэри болуп турган учурда 2023-жылдын апрель айынын аягында шаардын жылуулук берүү мекемесиндеги мамлекетке 130 миллион сомдон ашык зыян келтирилген коррупцияга шектелип камалып, 1 миллион сом сом айып пул төлөп чыккан. Анан эле көп өтпөй Жогорку Сот тарабынан акталып кетти. Токмогу күчтүү болсо кийиз казык жерге кирет дегенди далилдеди. 

Арийне, коомчулукта анын “каралар дүйнөсү” менен тыгызы байланышы бардыгы дагы айтылып жүрөт. Белгилей кетсек, Сооронбай Жээнбеков бийликтен кеткен учурда, ошол кездеги депутат, учурда Кыргызстандын БУУдагы өкүлү Аида Касымалиева “Чемпион” каймана аты бар Самаев тарабынан коркутуулар болуп жатканын ачык айткан. Анан бул жагы кандай болуп калды деп бийликтин кадрдык саясатына түшүнбөгөндөр көп.

Последние новости